“Жээндерим бычак менен коркутуп, моюнума жип байлап, сүйрөштү” дейт 28 жаштагы жигит

Мындан 3 күн мурда, тактап айтканда 29-июнда туугандары тарабынан аёосуз сабалып, ур-тепкиге кабылдым деген 28 жаштагы Эрлан Тажиев учурда ооруканада оор абалда жатат. Анын айтымында ал уктап жатканда үйүнө бойго жеткен 3 жээни келип алып чыгып кеткен. “Жаман оюм жок эле үйдөн чыккам, алар мени муунтуп, бөтөлкө менен чаап, тепкилешти” дейт жабырлануучу. Бул окуянын чоо-жайын Тажиев өзү баяндап берди.