Райымбек Матраимов 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 20- февралда Биринчи Май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып ал 2 айга камакка алынды. Ошондой эле Матраимовдун сот процесси жүрүп жаткан учурда имарттын алдында анын тарапташтары экинчи ирээт колдоо митингин өткөрүшүп, “Матраимовго боштондук”,- деп кыйкырып жатышты.