Ушул жылдын 7-декабрында Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылындагы Улан Ниязалиев аттуу жарандын үйүнө «Бишкектин Свердлов РИИБинен келдик, тергөөчүбүз» деп эки эркек киши баш багып, үй-бүлө мүчөлөрүнө издеп келген адамдын автоунаа айдап качканын айтышкан. Бирок ошол күнү кечке маал аты аталган жарандын жансыз денеси табылганын кайра эле Свердлов РИИБинен тергөөчүлөрдүн бири телефон аркылуу кабарлаган. SUPER TV маркумдун туугандарынын арыз-дартын угуп, окуянын чоо-жайы тууралуу сюжет даярдады.
“2 перзентимден айрылып отурам”. Ак-Ордодо киши колдуу болгон бир туугандардын атасы
Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Бул тууралуу...









