Жык жыйма эл, дрондор менен укмуштуудай шоу! Ала-Тоо аянтынан репортаж

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл мааракесин утурлай майрамды белгилөө үчүн калың эл борбордогу Ала-Тоо аянтына чогулду. Көрүүчүлөргө дрон менен шоу уюштурулуп, дрондор асманга Манастын, Кыргызстандын туусунун, комуздун, Париж олимпиадасынын катышуучуларынын жана башка сүрөттөрдү көрсөтүп берди. Аянттан репортаж сунуштайбыз