Кайгырып көздөн жаш тамат, кайыр кош, кайран алп талант… Элмирбек Иманалиев дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 20-апрелде акындардын алды болгон, азыркынын Токтогулу аталган Элмирбек Иманалиев кырчындай 42 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Кыргыз-казак элинин эрмеги, эркеси болгон акынды азыркы тапта эки элдин эли бирдей жоктоп, каңырыгы түтөп турган кез.