“Марат Козукеев менен Азиз Мурадиллаевдин жоктугу билинип жатат” | “Дем” театрына 20 жыл

“Дем” театрынын түптөлгөнүнө быйыл 20 жыл болду. Жалаң жигиттерден куралган “Дем” театры жыл сайын Аялдардын Эл аралык майрамына карата концерт уюштуруп келери маалым. Алар быйыл да салтты улай “7-8-9-март күндөрү элге ыр-күлкү, тамаша тартуулайбыз” деп камданып турганын айтышты.