Дүйнөлүк классика, өлбөс-өчпөс махабат, сүйүүнүн кудуретин даңазалаган «Ромео жана Жульетта» чыгармасы кыргызчаланып, “Туңгуч” театры тарабынан сахналаштырылды. Спектаклдин режиссёру КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендибаиров. Түгөйлөрдүн ролун актёр Өмүрбек Израилов жана актриса Бегимай Асанакунова ойногон. Биринчи айымдын колдоосу менен ишке ашкан спектаклден репортаж тарттык.
Гүлжамал Мамытбекова, КРнын эмгек сиңирген артисти: “Мен наам алганда үй-бүлөм кошо ыйлады”
Өткөн жылдын соңунда өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, Арсен Өмүралиев атындагы шаардык драм театрынын актрисасы Гүлжамал Мамытбекова “Кыргыз Республикасынын...