Рыспай Абдыкадыровдун кызы: “Атам артында уулу калбаганын арман кылып кетсе керек”

Белгилүү обончу, кыргыз музыкасына опол тоодой салымы бар Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо быйыл 12-январда 84 жашка чыкмак. Абдыкадыров 300дөн ашуун обондун автору. Рыспай Абдыкадыровдун 5 кызы бар. Алардын бири Гүлжамал Абдыкадырова. SEREPTV бул ирет Гүлжамал эже жана анын уулу Насип мырзаны студияга чакырып маектешти.