SEREPTV телеканалына 2023-жылы “Мени майрык келин дешет” деген аталышта видеоматериал жарык көргөн. Анда Майлы-Суу шаарынын тургуну оор тагдырга тушукканын айтып берген эле. Арадан айлар өтүп биз Дамира Шамбетованын борборго келгенин угуп, абалын сурап келдик. “Бир капталым начар иштейт. Бир көзүм көрбөй калды. 3 баламды жана майыптыгы бар жолдошумду багам. Тиричиликти бир колум менен жасайм. “Улам төрөй бересиңби” деп сындашат. Майыптыгым бар болсо да, бактылуу болууга акым бар” дейт каарманыбыз. Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: МБанк: 0500 40 22 88
“Кыргыздын аялдарына орусиялык саякатчылар таң калып кетишкен” дейт Сулайман Кайыпов
“Аял – улут жүзү” берүүсүнүн бул жолку коногу профессор, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы Сулайман Кайыпов. Коногубуз эмнеге кыргыздын...