Бабанов: “Бул иштер Жээнбековдун учурундагы саясий негизде козголгон иштер”

Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бүгүн, 9-январда саат 10:00дө УКМКга суракка барды. Буга чейин бир канча ирет УКМК менен Финполго суракка кирип-чыккан Өмүрбек Бабановго карата 8 кылмыш иши козголгону белгилүү. Өзү бул иштер боюнча “2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин башталган саясий куугунтук” деп комментарий берип келет. Бул жолу да 2 жарым сааттан ашык убакыттан кийин сурактан чыккан ал комментарий берди. Толугу менен видеодо.