Аида Салянова: «Бул — саясий өч алуу»

26-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отуруму болмок. Бирок, дагы бир айыптоочунун соттук отурумга келбегендигинен улам иш 4-мартка жылдырылды. SEREP MEDIA маалымат агенттиги экс-башкы прокурордун ушул иш боюнча пикирин уктук.