«Ак Үйдөгү эң чоң үч кабинеттин биринде отурам» | Депутат Нурланбек Шакиевдин кеңсесинде конокто

Жогорку Кеңештеги эң чоң фракция болгон «Ата Журт-Кыргызстандын» лидери Нурланбек Шакиев Ак Үйдүн 7-кабатындагы кеңсеси менен тааныштырды. Анын айтымында, кезинде бул кабинетте Аскар Акаев президент болуп шайланганда отурган. «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын көрүңүз.