Алымкадыр Бейшеналиев дагы ыргыйбы? Депутаттар менен тиреш уланууда

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу президентке, УКМКнын төрагасына кайрылуу жасап, анын бир дагы тууганы медицинада иштебей турганын айтты. Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сотко бергенин айтып, аны саткын деп атады.