Бүгүн күнгө жекшемби, 28-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик 5 ай, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 1 ай болду. Бул аралыкта ал мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен Орусияга барып келүүгө жетишти. Алдыда Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Кувейт жана башка өлкөлөргө чакыруулар күтүп турат. Бирок кеп бул тууралуу эмес. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Садыр Жапаров өлкөдө болбогон эки күн ичинде көңүл бурган окуяларга саресеп салууну эп көрдүк.
Атамбаевге чыккан өкүм Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу аракетиби? Депутаттардын жообу
Президент Садыр Жапаров маекте "Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эмесмин. Аны алып келем деп соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин"...