Бүгүн күнгө жекшемби, 24-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айга чукул убакыт өттү. Туура жарым ай мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров соңку убакта болуп көрбөгөндөй колдоо менен утуп чыгып, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде жакын арада чуулуу кармоолор менен коштоло турган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.
Головной, Төрт-Көчө, Достук, Ворух… Ташиев депутаттарга чек аранын чечилиши боюнча айтып берди
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында маалымат берди. Толугу менен видеодо.