Бүгүн күнгө жекшемби, 21-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 жарым ай, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына 2 жарым ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган жаңы Конституция боюнча референдумга 3 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында чек ара боюнча такташуу маселелери, жаңы Баш мыйзамды сынга алган жарандык активисттердин кармалуусу тууралуу саресеп салууну туура көрдүк.
«Нуржигит Кадырбековду саясатчы катары үлгү тутам» | Замирбек Мамасадыков
Кооз сүйлөбөшү мүмкүн, бирок колу гүл, иштин майын чыгарган адамдар болот. Анын бири SuperTV'нын "Бейне" долбоорунун кезектеги каарманы. Депутат Замирбек...