Бүгүн күнгө жекшемби, 21-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 жарым ай, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 жарым айдай калды. Ошол эле күнү Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум да өтүшү мүмкүн. Бирок буга чейин “хоп” дегенден башканы билбей келген Жогорку Кеңешке бул аптада жан кирип, Конституциянын жаңы долбоорун сынга алган депутаттардын тобу ойгонду. Шайлоо жакындаганда саясий упай топтоо аракетиби же “президенттик башкарууга өтсөк, анда биз эмне кылабыз?” деген суроого жооп издөө кезеги эми гана келдиби, айтор, жакынкы күндөрдө парламенттик жыйындар «ысык» боло баштайт көрүнөт. Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү тууралуу талкуулоого дагы убактыбыз бар. Андыктан “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде “кайдасың, бийлик?” жана “бар экенсиң го, бийлик” деген реакция жараткан эки чоң окуяга саресеп салууну чечтик.
#Аптага_сереп: Матраимовдун тоюна топурап барган саясатчылардын жоон тобунан 1 гана депутат калды
- Categories: САЯСАТ
Related Content
"Нуржигит Кадырбековду саясатчы катары үлгү тутам" | Замирбек Мамасадыков
Автор
Perizat Muz
17:20 17.06.2024
"Кыргыздын эркектери зөөкүр болуп калдыкпы?". Депутаттарды кызыл чеке кылган мыйзам
Автор
Perizat Muz
18:04 30.05.2024
Бишкекте 18-майдагы ызы-чууну болтурбай коюуга мүмкүн беле? Депутаттардын пикири
Автор
Perizat Muz
17:09 22.05.2024
Бишкекте Ташиевдин колдоосу менен жаштар жөө жүрүшкө чыкты. Эмне үчүн?
Автор
Perizat Muz
19:00 18.05.2024
Кыргызча сүйлөөгө болбогон Бишкектин кофейнясы I Депутаттардын ою
Автор
Perizat Muz
21:11 15.05.2024