Бүгүн күнгө жекшемби, 21-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 жарым ай, жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 жарым айдай калды. Ошол эле күнү Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум да өтүшү мүмкүн. Бирок буга чейин “хоп” дегенден башканы билбей келген Жогорку Кеңешке бул аптада жан кирип, Конституциянын жаңы долбоорун сынга алган депутаттардын тобу ойгонду. Шайлоо жакындаганда саясий упай топтоо аракетиби же “президенттик башкарууга өтсөк, анда биз эмне кылабыз?” деген суроого жооп издөө кезеги эми гана келдиби, айтор, жакынкы күндөрдө парламенттик жыйындар «ысык» боло баштайт көрүнөт. Баш мыйзамдын жаңы көйнөгү тууралуу талкуулоого дагы убактыбыз бар. Андыктан “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде “кайдасың, бийлик?” жана “бар экенсиң го, бийлик” деген реакция жараткан эки чоң окуяга саресеп салууну чечтик.
#Аптага_сереп: Матраимовдун тоюна топурап барган саясатчылардын жоон тобунан 1 гана депутат калды
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Кыргызча сүйлөөгө болбогон Бишкектин кофейнясы I Депутаттардын ою
Автор
Perizat Muz
21:11 15.05.2024
Мадумаров эркиндикте | "Мунун баары мандат үчүн гана болду" деди ал
Автор
Perizat Muz
11:08 26.04.2024
Шакиевдин тил маселеси боюнча талкууга түшкөн билдирүүсү. Депутаттардын пикири
Автор
Perizat Muz
21:20 19.04.2024
Кыргызстанда "ТикТокко" тыюу салуу. Депутаттар чектөөгө кандай карашат?
Автор
Perizat Muz
19:46 17.04.2024
"Чайханадан чыккан чатак" деп атыккан чуу эмнеден кабар берет?
Автор
Perizat Muz
18:28 11.04.2024