Бүгүн күнгө жекшемби, 28-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик жарым жыл, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 2 ай болду. Бул аралыкта ал Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга сапарлар менен барып келүүгө жетишти. Бир күн ичинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституция боюнча референдумга 2 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында Кыргыз мамлекети өзү кура албаган “Камбар-Ата-1” ГЭСи, кылмыш иштеринен кутулган Өмүрбек Бабанов, чек ара иштеринен улам коррупционерлерге убакыт таба албай жаткан Камчыбек Ташиев жана башка апта ичиндеги окуяларга саресеп салабыз.
Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы. Кимдер депутат болуп келет?
БШК берген алдын-ала маалыматтар боюнча төмөндөгү талапкерлер эң көп добуш алган: №1 Шайлоо округу Чыңгыз Ажибаев; Исманали Жороев; Камила Талиева....










