Атазов казинону колдогону үчүн кечирим сурады. Калган депутаттарда ошондой учур барбы?

Атазов «Конституцияны, Кумтөрдү, желекти, Кемпир-Абадды да колдодум. Апам «казинону колдобо» дегенине карабай колдогом» деп, элден кечирим сурады. Мындан улам депутаттарга «Сизде да добуш бергениңиз үчүн кечирим сурагыңыз келген учур барбы?» деген суроо узаттык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.