Бийлик кымбатчылыкты ооздуктоодо жетиштүү чара көрүп жатабы? Депутаттардын позициясы

The Economist басылмасы жакынкы жылда тополоң болуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды кошту. Анда азык-түлүктүн жана энергиянын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу башаламандык болушу ыктымал деген мамлекеттер аталып, макаланын автору кымбатчылыктан улам элдин нааразычылыгы келип чыгат дейт. Мындан улам депутаттарга «Басылманын божомолу негиздүүбү жана бийлик кымбатчылыкты ооздуктоодо жетиштүү чара көрүп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
Акылбек Түмөнбаев (бир мандаттуу округ);
Кундузбек Сулайманов (бир мандаттуу округ);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
Жанар Акаев («Альянс»).