Бишкекте жол кире кымбаттаганы жатат. Депутаттар баасын билишеби?

Бишкекте бир жылга жетпей коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү кайрадан сөз болууда. Мындан улам «Жол кирени кымбаттатуу керекпи же жокпу? Азыр маршрутканын, автобус жана троллейбустун жол киреси канча экенин билесизби?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
 Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
— Жанар Акаев («Альянс»);
— Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
— Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ).