Боинг кырсыгында кандай сыр бар? Депутаттар өз суроолорун узатышты #Собол_тайм

Садыр Жапаров Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар жүрүп жатканын жүйө кылып, коомдук комиссия түзүлгөнүн айтты. «Учактын кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык болгон жана жабыр тарткандарга чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн?» деген суроолор жоопсуз калууда дейт ал. Мындан улам биз депутаттарга «Бул иш эмнеси менен сырдуу жана сиз кандай суроого жооп алгыңыз келет?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»);
— Жанар Акаев («Альянс»);
— Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Эмил Жамгырчиев («Альянс»);
— Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
— Медер Алиев («Ишеним»).