Депутаттар базарга качан акыркы жолу барышкан, эмне сатып алышкан, баасы эсиндеби? #Собол_тайм

Президент Садыр Жапаров «Дордой» жана «Ош базарына» барды. «Өлкө башчысынын өзү базарга барышы — бул Министрлер кабинетинин иши чабалдыгынан улам болуп жатат» дегендер болду. Депутаттар буга эмне дешет? Ошондой эле алардын базарга качан акыркы жолу барганына, эмне сатып алганына, баасы эсиндеби же жоктугуна кызыгып көрдүк. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Медер Алиев («Ишеним»);
Эрулан Кокулов («Ынтымак»);
Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
Жаныбек Абиров (бир мандаттуу округ);
Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
Өмүрбек Бакиров (бир мандаттуу округ);
Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ).