Депутаттар той-ашка барабы, конвертке канча салышат, той-ашты чектөөнү колдошобу? #Собол_тайм

Депутат Улукбек Ормонов той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Документ ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экендиги айтылат. Ага ылайык, үйлөнүү-үлпөт тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз, куран окутуу 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлүшү шарт. Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо иштен алынат деп жазылган. Буга байланыштуу «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышынын алкагында депутаттарга кайрылдык. Алардын жообун толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Улугбек Ормонов («Ишеним»);
— Медер Алиев («Ишеним»);
 Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Айбек Маткеримов («Ата-журт Кыргызстан»);
Равшан Сабиров («Ата-журт Кыргызстан»);
— Динара Ашимова («Ыйман нуру»);