Достук айылын минометтон аткылашты. Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

Кечээ, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Бир аскер кызматкери, бир жай тургун жаракат алды. Чыр-чатактан улам 18 миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Мындан улам, «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга «Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек?» деген суроо менен кайрылдык. Толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Жанар Акаев («Альянс»);
Улукбек Ормонов («Ишеним»);
Шарапаткан Мажитова («Ынтымак»);
Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ);
Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Акылбек Түмөнбаев (бир мандаттуу округ);
Эрулан Кокулов («Ынтымак»);
Өмүрбек Бакиров (бир мандаттуу округ);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»).