Дыйкан менен чоңдордун талашына түшкөн кредит. Бул чууга карата депутаттардын позициясы кандай? #Собол_тайм

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген шартта бериле турган насыяны ала турган ишканалардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенин айтып чыкты. Бул коомчулукта түркүн ойлорду жаратып, Министрлер кабинетинен агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнө турган 10 миллиард сом боюнча маселени өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдиришти. Бүгүн, 21-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калп маалымат таратылып жатканын, насыянын акчасы келе электигин айтты. Мындан улам депутаттарга «Жеңилдетилген насыяны чоңдор да ала турганы сынга кабылды. Бул туурабы?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Кундузбек Сулайманов (бир мандаттуу округ);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
— Эмил Жамгырчиев («Альянс»);
— Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
— Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Жусупбек Коргонбай уулу (бир мандаттуу округ);
— Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ);
 Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Акылбек Түмөнбаев (бир мандаттуу округ);
— Жаныбек Абиров (бир мандаттуу округ);
Гүлшаркан Култаева («Ата-Журт Кыргызстан»)