Фарид Ниязов 3-даражадагы гипертония оорусу менен жабыркап келет

18-мартта Бишкек шаардык сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралды. Жабык жараянда Ниязовдун камактагы мөөнөтүн 10-апрелге чейин узартуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды.