Июнь окуясынын азыркы тапта козголуп жатышы туурабы? Депутаттардын позициясы #Собол_тайм

Бул аптанын башында Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, андан чыккандан кийин Июнь окуясы боюнча билгенин айтып бергенин билдирди. УКМКнын төрагасы бул кандуу окуя Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аракетинин натыйжасында болгонун баса белгиледи. Өткөн жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров УКМКга Июнь окуялары боюнча материалдарды иликтөөнү тапшырган болчу. Мындан улам, депутаттарга «Июнь окуясын азыркы тапта козгоо туурабы? Туура болсо, бул кандуу калабага ким жооп бериши керек деп эсептейсиз?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Улугбек Ормонов («Ишеним»);
Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
Бактыбек Сыдыков (бир мандаттуу округ);
Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
Медер Алиев («Ишеним»);
Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
 Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»).