23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине массалык маалымат каражаттарында жана интернетте жалган жалаа жабуу жана мазактоо боюнча кошумча беренени киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Катталган 80 депутаттын 63ү “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш беришти.
Биз айрым эл өкүлдөрүнө “Жалаа жабуу, мазактоого айып салган мыйзам долбооруна мындан кийинки окууларда кандай добуш бересиз? Өзүңүз тууралуу кандай каралоо же ушакка кабылгансыз? Кандай чара көрдүңүз эле?” деп суроо салдык.
Кыргызстанга алтын жумуртка тууп жаткан ким? | Депутаттардын жообу
Президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” экс-премьер Апас Жумагуловдун портретинин илиниши боюнча комментарий берип, анын таза иштеген өкмөт башчы болгонун айтты....