Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу? Депутаттардын пикири #Собол_тайм

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жаңы Ак үйдүн курулушуна капсула салып, бирок бул окуя коомчулукта талкуу жаратты. Анда мамлекет башчысынын бул кадамы анын буга чейин «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» дегенине каршы келерин билдиришти. Көп өтпөй «Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың» деген өлкө башчысы анын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин жана анын курулушунун баасы 16 гектар жерге алмашылып жатканын айтты. Президенттин бул билдирүүсү талкууну ого бетер күчөттү. Мындан улам депутаттарга «Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»);
— Аида Исатбек кызы («Ынтымак»);
— Русланбек Жакышев («Ишеним»);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Бакытбек Сыдыков (бир мандаттуу округ);
— Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан»).