Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу. Кыргыз тарап кандай талапты коюшу керек? Депутаттардын пикири

Өткөн аптада Садыр Жапаров Владимир Путиндин туулган күнүндө өткөн КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна барган жок. Ага удаа эле бир күн калганда Кыргызстан ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты. Бүгүн Астанада Путиндин демилгеси менен Жапаров жана Рахмондун катышуусунда жолугушуу өтмөй болду. Тажикстандын кол салуусунан кийин биринчи жолку бул сүйлөшүүдө кыргыз тарап кандай талапты коюшу керек деген суроо менен депутаттарга кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»);
Жанар Акаев («Альянс»);
Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ);
Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»).