Жашыруун камерага тартылган видеоңуз тарап кетсе, эмне кылмаксыз? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соттун санкциясы жок жарандарды тыңшоо жана артынан аңдууга укук берген мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизди. Буга карата башкы прокурор Курманкул Зулушев комментарий берип, мыйзам долбооруна каршылыгын айтты. Мындан улам «Сиз УКМК алып келген мыйзам долбоорун колдойсузбу? Кокусунан сиздин жеке жашооңуз тартылган видео же аудио интернетке тарап кетсе, эмне кыласыз?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Чыңгыз Айдарбеков («Альянс»);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
— Русланбек Жакышев («Ишеним»);
Марат Мураталиев («Ишеним»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Айгүл Айдарова («Бүтүн Кыргызстан»).