Жогорку Кеңеш эмне үчүн «Кумтөрдү» карабай жатат? Депутаттардын жообу

Теңгиз Бөлтүрүк баш болгон «Кумтөрдүн» мурдагы жетекчилиги коррупцияга шектелип кармалды. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кени боюнча толук маалыматты угуша элек. Мындан улам депутаттарга «Жогорку Кеңеште «Кумтөр» маселеси каралышына эмне тоскоолдук болуп жатат?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Эмилбек Жусупов («Ишеним»);
Медер Алиев («Ишеним»);
Дастан Жумабеков (бир мандаттуу округ);
Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»);
Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Фарходбек Алимжанов («Альянс»);
Айгүл Айдарова («Бүтүн Кыргызстан»);
Жусупбек Коргонбай уулу (бир мандаттуу округ);
Өмүрбек Бакиров (бир мандаттуу округ);
Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»).