«Кактус медиа» сайтына карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонуна депутаттар кандай пикирде? #Собол_тайм

«Кактус медиа» сайтына карата Башкы прокуратура «согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Буга чейин аталган сайт тажик сайтынан алынган маалыматты шилтеме берүү менен жарыялаганын айтып кечирим сураган эле. Буга байланыштуу депутаттарга «Собол TIME» рубрикасынын алкагында суроо менен кайрылдык. Алардын жообун толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Камила Талиева («Ата журт-Кыргызстан»);
Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу округ);
Жанар Акаев («Альянс»);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
Жаныбек Абиров (бир мандаттуу округ);
Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ).