Казинонун кайра ачылышын депутаттар колдошобу же каршы чыгышабы? #Собол_тайм

Кыргызстанда кумар оюндарына 2012-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон болчу. Бул аптада Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Министрлер кабинети аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштап жатат. Буга байланыштуу депутаттардын казинонун кайра ачылышына карата пикирлерин сурап көрдүк. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Эмил Жамгырчиев («Альянс»);
— Эльвира Сурабалдиева (бир мандаттуу округ);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Искендер Матраимов (бир мандаттуу округ);
— Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Данияр Төлөнов (бир мандаттуу округ);
— Нурбек Алимбеков (бир мандаттуу округ);
— Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
— Эльмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ).