Кемпир-Абад чуусу: Айдарбековдун ордунда эмне кылмаксыз? Депутаттардын позициясы

10 күн мурда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кемпир-Абад Өзбекстанга өтө турган макулдашуунун долбоорун карап, добуш беришкен. Бирок бул чечимге ошондон бери комитеттин төрагасы болгон Чыңгыз Айдарбековдун кол койбой жатканы талкуу болуп жатат. Бүгүн ал бул кызматтан кетүү үчүн арыз жазууга даярдыгын да билдирди. Мындан улам, бул тартыш маселенин тегерегинде депутаттарга суроо бердик. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
 Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Эмил Токтошев («Бүтүн Кыргызстан»);
Динара Ашимова («Ыйман нуру»);
— Элмурза Сатыбалдиев (бир мандаттуу округ);
Русланбек Жакышов («Ишеним»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
Улан Примов (бир мандаттуу округ);
Жусупбек Коргонбай уулу (бир мандаттуу округ).