Кемпир-Абаддын чуусу али алдыдабы? Жогорку Кеңештин же жабык эмес, же ачык эмес жыйыны кандай өттү?

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маселе каралды. Ал кечээ президенттин айтымы менен ачык өтмөк, бирок бүгүн жыйынга келгенде техниканын бардык түрүн жыйынга алып кирүүгө уруксат берилген жок.

«Президент айткандай талаш жерлердин 99 пайызы биздин пайдабызга чечилиптирби? Кандай жагдайда сиз бул макулдашууга каршы чыгасыз?» деген суроо менен жыйынга катышкандарга кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Максатбек Сарыбагышев (бир мандаттуу округ);
Шарапаткан Мажитова («Ынтымак»).