Кечээ, 4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга «Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан»);
— Жанар Акаев («Альянс»);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Улугбек Ормонов («Ишеним»);
— Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
— Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
— Медер Алиев («Ишеним»);
— Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
— Фарходбек Алимжанов («Альянс»).
Фарходбек Алимжанов озу депутат экенин билеби? Эмне жонундо соз болуп жатканын деле тушунбогондойго…