«Көлбаев Атамбаев менен Исаковду колдогон». Президент бул сөздү эмне үчүн азыр айтып жатат?

Октябрь окуяларында криминалдык чөйрөнүн да таасири болгону соцтармакта жазылып жүргөн. Бүгүн президент Садыр Жапаров мындан 4 жыл мурда эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенин, далил катары ички иштер министрлиги аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүн угуп турганын билдирди. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.