Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды. Эки саясатчыга 2017-жылы «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айып тагылган эле. Өмүрбек Текебаев мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди.
Шаирбек Ташиев күнөөсүн моюнуна алдыбы? Ал кандай шартта абактан чыгат? #Күнсереп
Күндүн негизги жаңылыктары; Өлкө башчы Садыр Жапаров Кумтөрдөгү алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу маек берди “Ийгиликсиз төңкөрүш...









