Кумтөрдүн жаңы келишими менен Кыргызстан көбүрөөк таптыбы же жоготтубу? Депутаттардын жообу #Собол_тайм

4-апрель күнү президент Садыр Жапаров «Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Жыйырма жыл мурда болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты» деди. Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганы жарыяланды. Буга байланыштуу депутаттарга «Кумтөрдүн жаңы келишими менен Кыргызстан көбүрөөк таптыбы же жоготтубу?» деген суроо менен кайрылып көрдүк. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Искендер Матраимов (бир мандаттуу округ);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
— Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Дастан Жумабеков (бир мандаттуу округ);
— Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан»).