Кытайдын карызын азыр төлөп койчу акчаны эмнеге жумшаса туура болмок? Депутаттардын жообу

«Собол таймдын» буга чейинки чыгарылышында депутат Балбак Түлөбаевдин «Эгер Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коёт» дегени соцтармакта талкуу жаратты. Анын сөзүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ырастап, бирок ал карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот деди. Депутаттар бул боюнча кандай позицияда? «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.