Матраимовдун кызынын үлпөт тою өттү…

25-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында депутат Искендер Матраимовдун кызы Нагимайдын үлпөт тою өтүп жатат. Тойго баргандардын арасынан Райымбек Матраимовду көрүүгө болот.

«Аны тойкананын ичинде да, сыртында да 4 жан сакчы кайтарып жүрдү», — дешти тойдун коноктору.

Маалыматка караганда, Матраимовдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сырдыбаев.

22-августта  Искендер Матраимов кызын турмушка узаткан. Кыз узатуу «Ала-Тоо» ресторанында өткөн.