«Менин эжем да каржы пирамидасына 30 миң доллар берген». Башкы прокурор маалымат жыйын өткөрдү

Бүгүн, 9-февраль күнү башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалымат жыйыны болуп өттү. Ал анда прокуратуранын соңку жылдагы ишмердиги тууралуу айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Башкы көзөмөл органдын жетекчиси буга чейин өткөн жылдын февраль айында маалымат жыйын берген эле.