Оң рулдуу унааларды Кыргызстанга кайра алып кирүүнү колдойсузбу? Депутаттардын пикири #Собол_тайм

Кыргызстанга кайрадан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеп жатат. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратууда. Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул сунушка каршылыгын билдиргени маалым. Депутаттар бул боюнча кандай ойдо? Эл өкүлдөрү кандай унаа айдайт жана баасы канча экенине кызыгып көрдүк. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Дастан Жумабеков (бир мандаттуу округ);
— Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
— Султанбай Айжигитов («Ыйман нуру»);
— Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Медер Алиев («Ишеним»);
— Улугбек Ормонов («Ишеним»).