Пенсия реформасы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун «Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес» деп айтканы сынга кабылды. Кийин ал бул сөзүн элдин көңүлүн бурдуруу максатында айтканын түшүндүрдү. «Учурда сөз болуп жаткан пенсия реформасын колдойсузбу же каршы болосузбу? Элдин көңүлүн бурдуруу максатында сиз эмне кылдыңыз эле?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
— Шарапаткан Мажитова («Ынтымак»);
— Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ);
— Акылбек Түмөнбаев (бир мандаттуу округ);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
— Өмүрбек Бакиров (бир мандаттуу округ);
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ).
Алам баласы барган сайын өйдө-төмөн сүйлөп калат. Ал карылыктын белгиси. Бир адам өмүр бою депутат же министр,мугалим же врач боло албайт. Азыр «кресло » бүгүн бар да,эртең жок. Эгер мамлекет элге карыз эмес болсо
1. Эмне үчүн эл соцфондго акча төлөш керек?
2. Эмне үчүн өзүбүздүн жерибизге өзүбүз акча төлөйбүз?
3. Эгер карыганда мамлекет бага албаса ,эмне үчүн эл мамлекетти эл багыш керек?