Президент үнөмдүү жашоого чакырды. Депутаттар эмнени экономдоого өттү? #Собол_тайм

Буга чейин президент Садыр Жапаров элди үнөмдүү жашоого чакырган. Ал өз сөзүндө «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» деди. Бул сөздөн улам депутаттарга «Сиз эмнени үнөмдөөгө даярсыз?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Искендер Матраимов (бир мандаттуу округ);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»);
Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
— Айбек Осмонов (бир мандаттуу округ);
Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
Дастан Жумабеков (бир мандаттуу округ);
Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан»).