Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин кое беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
«SUPERTV’га Жогорку Кеңештин ишин чагылдырууга тыюу салынганы мыйзамсыз». Юристтер эмне дешти?
Медиа Полиси Институтунун юристтери SuperTV каналынын журналисттеринин парламенттик аккредитациядан ажыратылышы боюнча билдирүү кылышты. Институттун маалыматында телекомпаниянын журналисттери эч кандай мыйзам...