Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы? Депутаттардын позициясы #Собол_тайм

Кечээ, 10-майда УКМК Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгон Алексей Ширшовдун коррупцияга шектелип кармалганын билдирип, бирок ошол эле күнү райондук соттун чечими менен үй камагына чыкты. Ширшовдун кармалышына байланыштуу «кустурат, кийин кое беришет» деген пикирлер айтылып, аны легалдаштыруу аракети болуп жатат дешүүдө. Мындан улам, депутаттарга «Ширшовду легалдаштыруу аракети болуп жатабы?» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Марлен Маматалиев («Ынтымак»);
Жанар Акаев («Альянс»);
Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
Эмил Жамгырчиев («Альянс»);
Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
Акбөкөн Таштанбеков (бир мандаттуу округ);
Медер Алиев («Ишеним»).